KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Кыргыз Республикасындагы PRI Эл аралык түрмө реформасынын Өкүлчүлүгү менен мындан аркы кызматташтыкты талкуулады

22 января 2020

2020-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Борбор Азиядагы Penal Reform International (PRI) аймактык директору Азамат Шамбиловду кабыл алды.


Жолугушууга Кыргызстандагы PRI Эл аралык түрмө реформасынын Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Анель Тлеукеш, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан боюнча жазык-аткаруу системасын реформалоо тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана кызматташтык боюнча бөлүмдүн башчысы Айгерим Азимовалар катышышты.


Тараптар Кыргыз Республикасында  пробация институтун  өнүктүрүү, судьяларды тренер катары окутуу  боюнча маселелерин талкуулашты.


Г.Калиева мындан ары дагы эки тараптуу кызматташтык бекемделип, сот-укук реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан аракеттер улантыларын белгиледи.


Өз кезегинде, Азамат Шамбилов  башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу Борбор Азиядагы Penal Reform International (PRI) аймактык директору кызматындагы  миссиясы соңуна чыккандыгын билдирди.


 


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...