KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дүйнө жүзүнүн жогорку сотторунун төрагаларынын 23-Эл аралык конференциясына катышууда

21 ноября 2022

Бул күндөрү Лакхнау шаарында (Индия) дүйнөнүн жогорку сотторунун төрагаларынын эл аралык 23-конференциясы өтүп жатат. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков катышууда.


«2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Балдар жөнүндө» кодекс кабыл алынган. Бул балдарды кандай гана шартта болбосун физикалык жазалоого тыюу салган биринчи укуктук документ, ал оор кырдаалдагы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл бурууну күчөтөт жана балдарды коргоонун күчтүү системасынын негизги звеносу катары жамааттык социалдык кызматтарды орнотот. Документ ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан коргоо укуктарын, мигрант балдарды жана калктын аялуу катмарын коргоо үчүн мыйзамдык базаны бекемдейт. Интернат мекемелерин жоюп, үй-бүлө тибиндеги турак-жайларды түзүү каралган.


Эгерде мурда адистештирилген тергөөчүлөрдүн, адвокаттардын жана судьялардын милдети ар бир бөлүмдүн локалдык ченемдеринде болсо, анда «Балдар жөнүндө» кодекстин кабыл алынышы менен бул талаптар Кодексте белгиленген, Баланын кызыкчылыгын коргоо максатында бул дагы бир жолу максималдуу кесипкөй мамиле жасоонун зарылдыгын ырастайт», — деди Замирбек Базарбеков.


Ошондой эле республиканын башкы судьясы Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаган учурдан тартып балдардын укуктарын коргоону, ишке ашырууну, алардын туруктуу, жагымдуу адеп-ахлактык жана психикалык өнүгүүсүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн билип, жыл өткөн сайын баланын укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган  мыйзамдар жакшыртылып жаткандыгын белгиледи.


Конференцияны дүйнөнүн 136 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жаткан Монтессори Сити мектеби уюштуруп жатканын белгилейбиз.