KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бир катар судьялар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Алкышы менен сыйланышты

13 января 2023

“Сот” автоматташтырылган маалымат тутуму менен жоопкерчиликтүү жана так иштегендиги үчүн бир катар жергиликтүү соттордун судьялары ведомстволук сыйлыктарга ээ болушту.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен төраганын Алкышы төмөнкү судьяларга жарыяланды:


— Бишкек шаардык сотунун судьясы — Өмүралиева Анара Медербековна;


— Бишкек шаарынын Сверлов райондук сотунун судьясы — Асаналиева Чынара Сейиткадыровна;


— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы — Керимкулов Ильяс Саматбекович;


— Чүй облустук сотунун судьясы — Айтмырзаев Нурлан Жээналыевич;


— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы — Узакбаев Азамат Насырович;


— Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы — Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;


— Ош шаардык сотунун судьясы — Жумаков Жаныбек Темирбекович;


— Ош шаардык сотунун судьясы — Кумашев Жолдошбек Ильясовичке;


— Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы — Усакпаева Гүлзат Каныбековна;


— Токтогул райондук сотунун судьясы — Бегимбаева Аида Алыбековна;


— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьясы — Колопов Эдуард Сексенбаевич;


— Баткен облустук сотунун судьясы — Алдашов Азамат Зарылбекович;


— Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы — Моютова Назгүл Аманбековна;


— Каракол шаардык сотунун төрагасы — Акыев Каныбек Арзыбекович;


— Балыкчы шаардык сотунун төрагасы — Турдумамбетова Индира Таштанбековна;


— Нарын шаардык сотунун судьясы — Сухабердиев Данияр Абдамитович;


— Талас райондук сотунун судьясы — Ганиев Жоомарт Махамадисакович.


Автоматташтырылган маалыматтык тутумун жайылтуу боюнча жумушчу топтун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинованын сунушу негиз болгонун белгилейбиз.


Эске салсак, Жогорку сот органынын жетекчилиги соттордо иштерди кароонун тартибин жакшыртууга, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылууга, сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү маалыматтык тутумдарды киргизүү боюнча иш алып барууда.