KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту

03 декабря 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту.


Төрайым  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өлкөдө стабилдүүлүктү, тынчтыкты чыңдоодогу, өлкөнүн мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүдө, ошондой эле адам укуктары жаатындагы ролунун маанисин жана маанилүүлүгүн белгиледи.


Нургуль Бакирова  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине жазык сот өндүрүшүндө соттук-укуктук реформаларды жүргүзүүдө, соттордун потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүүдө сот тутумуна көп жылдык кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашып, сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө жана бийликтин сот бутагынын имиджин бекемдөө чараларына байланыштуу айрым маселелерге токтолушту.


Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара белектер менен алмашып, мындан аркы кызматташуу жана тыгыз байланыштар зарылдыгын ырасташты. Ошондой эле белгиленген пландарды ишке ашырууда жемиштүү жана конструктивдүү кызматташтыктын улана беришине ишеним билдиришти.



Видео-блок

М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...