KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

КРнын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси  Карим Кокрекбаев менен  жолугушту

13 апреля 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн,  2018-жылдын  13-апрелинде, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси  Карим Кокрекбаевди  кабыл алды.


Өз сөзүндө  Айнаш Токбаева,  эки  өлкө  ортосунда бекем тарыхый жана маданий  байланышы бар ынак кошуналык жана бир туугандык мамиле түзүлгөндүгүн белгиледи. Кызматташуу жылдарында бардык тармактардагы өз ара байланыштар конструктивдүү жана ишенимдүү  жолго салынган.


Кыргыз-Казак  Жогорку соттору бир гана  Шанхай кызматташтык уюмунун жана  экономика чөйрөсүндө талаш-тартыш маселелерди чече турган жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун төрагаларынын кеңешмеси  алкагында гана эмес, эки тараптуу кызматташтыктын алкагында дагы байланыштарды бекемдеп келет. Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында  2017-жылы  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы  Сот адилеттигинин жогорку мектеби  менен  Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы  Сот адилеттиги Академиясынын ортосунда Меморандумга кол коюулган болчу.


Жолугушуунун жүрүшүндө Айнаш Токбаева маалымат технологияларын  колдонуу жана сот реформасын жүргүзүү боюнча  Казакстан Республикасынын  алдыңкы тажрыйбасы ШКУ мамлекеттеринин  арасында гана эмес, батышта дагы  кеңири белгилүү болуп, ийгиликтүү тажрыйбаны  шериктештикке кирген мамлекеттердин  арасында дагы өз ара  колдонуу зарылчылыгын  шарттай тургандыгын белгиледи.


Ошондой эле, Төрайым  бир жыл мурда  кыргыз делегациясы  Казакстан Республикасынын  электрондук сот өндүрүшү  менен таанышып келгендигин кошумчалады. Бул тажрыйба  алмашунун натыйжасында Кыргызстанда  учурда электрондук сот өндүрүшү  ишке ашууда.


Жолугушуунун соңунда  Айнаш Токбаева Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси  Карим Кокрекбаевди  жаңыдан башталып жаткан дипломатиялык  миссиясы   менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы  кызматташтыктарды мындан ары дагы бекемдөө  үчүн,  эки тараптуу кызматташтыктарды жандантууга биргелешкен жолдорун издөөгө  көмөктөшө тургандыгына ишеним жасады.


Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси  Карим Кокрекбаев жылуу кабыл алган үчүн ыраазычылык билдирип,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеваны  Астана шаарынын  20 жылдык мааракесине  арналган салтанаттуу иш чарага катышып кетүүгө чакырды.