KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Алексей Рогов менен жолугушту

17 мая 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун  Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Роговду кабыл алды.


Төрага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине көп жылдык жемиштүү кызматташтыгы жана жазык  сот өндүрүшүндө сот-укуктук реформаны жүргүзүүдө сот тутумуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


Замирбек Базарбеков эки тараптуу жигердүү кызматташууну канааттануу менен белгилеп, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өнүгүшүнө салым кошуп жатканын айтты.


Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты жана сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү жана сот бийлигинин беделин бекемдөө чаралары боюнча айрым маселелерди көтөрүштү.