KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот отурумдарын чагылдыруу боюнча журналисттер жана блогерлерге атайын окуу уюштурулду

01 февраля 2023

2023-жылдын  31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде «Сот процессинин ачыктыгы» деген темада журналисттер жана блогерлер үчүн атайын окутуу уюштурулду.


Окутууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков катышып, акыркы учурларда журналист, блогерлерден сот процессин чагылдыруу боюнча окууларды уюштуруп берүү өтүнүчтөрү көп болуп жаткандыгын айтты.


Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер сот отурумдарын кандай чагылдыруу керек, эмнелерди эске алуусу зарыл, кандай ички тартиптер бар, мына ушулар туурасында Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде  атайын окуу уюштуруп жатабыз.


Сот тутуму маалымат берүүдөн качпайт. Биз ар дайым ачыкбыз жана кызматташууга даярбыз. Ошол эле учурда сот системасы тууралуу бир жактуу, такталбаган маалыматтарды берүүдөн алыс болушуңуздарды айтаар элем. Ар бир чечим боюнча судья  өзү жооптуу. Бирок, судьяларга басым жасап, коркутуу туура эмес деп ойлойм.


Өзүңүздөргө белгилүү болгондой акыркы учурларда резонанстуу иштер боюнча судьялар Жогорку соттун  пресс борборунда түшүндүрмө бере башташты. Бул дагы маалыматтардын туура эмес, бир жактуу берилишин алдын алып, сот тутуму ачык-айкын иштеп жаткандыгынын далили”, — деп билдирди төрага.


Сот отурумдарын чагылдыруу боюнча отставкадагы судьялар Анархан Базаралиева  менен  Гульнара Дуйшенбековалар кеңири токтолушту.


Окутуунун соңу суроо-жооп форматында өтүп,  жалпыга маалымдоо каражаттары  менен өз ара байланыштарды бекемдөө, сот отурумдарын чагылдыруудагы кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн иштөө боюнча сунуш-пикирлер айтылды.



Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...