KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Пленум болуп өттү

26 февраля 2021

2021-жылдын  26- февралында Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Пленуму жана жыл жыйынтыгы болду. Пленумдун ишине  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова, төрайымдын орун басарлары Нургуль Асанова жана Айнаш Токбаева, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары онлайн катышышты.


Ошондой эле Пленумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин өкүлдөрү чакырылган.


Пленумдун күн тартибинде «Жаза дайындоо боюнча соттук тажрыйба жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому бир добуштан  кабыл алынды.


Бул кабыл алынган токтомго  ылайык, 16 жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете элек соттолгондорго карата эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аны пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу шарты менен гана дайындалат.Андыктан, биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете элек адамга жазаны дайындоодо соттор КР ЖКнын 107-109-беренелеринде көрсөтүлгөн эркиндигинен ажыратуу жазасына альтернативдүү негизги жазалардын түрлѳрүн, тактап айтканда коомдук иштерди, түзөтүү жумуштарын жана айыпты колдонуусу зарыл.


Мындан тышкары    «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин курамын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому каралды.


Пленумдун жүрүшүндө      Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар  угулуп,   2021-жылдагы иштери  жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору кабыл алынды.


Жыйында маалым болгондой, 2020-жылы республика боюнча  биринчи инстанциядагы соттордун кароосуна жалпы 125 239 соттук иштер жана материалдар келип түшкөн. 2019-жылга салыштырмалуу соттук иштер менен материалдардын саны 9 % кыскарган.


2020-жылы жергиликтүү соттор тарабынан каралган соттук иштер боюнча 5 711 соттун актысы кассациялык тартипте даттанылган.


Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиялары тарабынан кассациялык даттануулардын 81 %, башкача айтканда 4 605 соттук иштер каралып бүтүп, тиешелүү соттук актылар кабыл алынган.


2020-жылы республиканын биринчи инстанциядагы соттору тарабынан кабыл алынган соттук актылардын 10 % гана апелляциялык инстанцияга даттанылган. Апелляциялык тартипте кароонун жыйынтыгында даттанылган соттук актылардын 56 % күчүндө калтырылган.


Ошондой эле  Пленумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жөнүндө төрайымдын  милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова маалымат берип, өткөн жылы 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылгандыгын айтты. Тактап айтканда 61 судьяга алдын ала эскертүү, 2 судьяга эскертүү, 4 судьяга сөгүш берүү чарасы колдонулган, ал эми  1 судья ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ошондой эле Тартип комиссиясы тарабынан 3 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.


Жалпысынан алганда көпчүлүк соттор өз ишине берилүү менен ден-соолугуна, үй бүлөсүнө карабай, убактысынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн соттун ишине арнап, дем алыш майрам күндөрү да талыкпай иштеп жатышат. Албетте бул физикалык жана эмоционалдык жактан өтө оор жумуш. Мындан ары да сабырдуулук менен элибизге ак ниет кызмат кылууга чакырып кетем, — деди Нургуль Бакирова.