KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сотторго собол, журналисттерге эскертүү

07 октября 2022

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган бир катар судьялар 6-октябрда ЖМК өкүлдөрү менен жолукту. Жыйында сот жараяндарын маалымат каражаттарында чагылдыруудагы соттордун жана журналисттердин жоопкерчилиги талкууга алынды.


Зомбулукка шектүүнү бошотуп, блогерди камаган чечимдер


Кыргызстанда сот чечимдери нааразылык туудуруп, коомчулукта резонанс жараткан учурлар көп катталууда. Быйыл жарым жылда эле журналисттер жана блогерлер сот чечими менен бир нече айга камалып, айрым оор кылмышка шек саналган адамдар үй камагына чыккан учурлар катталды.


Июль айында Свердлов райондук сотунун судьясы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган эки кишинин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотуп жиберген.


8-июлда Свердлов райондук сотунун алдында бул судьянын жоопкерчилигин кароо, 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган эки милиция кызматкерин жана дагы эки адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен митинг өткөн.


Көп өтпөй 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналгандарды бошоткон судья Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырганы кабарланган. Бул иш боюнча Жогорку соттун судьялары маалымат жыйынында түшүндүрмө берген.


Журналисттер мына ушул окуяларды Жогорку соттун төрагасынын жана башка судьялардын эсине салып, журналисттерди камакка алуу же жазага тартуу чечимдеринин негизин сурашты.


Бул суроодон кийин Замирбек Базарбеков журналисттердин иши каралып жатканда аны камакка алууну өкүм кылардан мурун соттор мыйзамдарды кылдат иликтөөгө милдеттүү экенин айтты.


«Соттор да ката кетирет. Бирок журналисттерге келгенде өтө этияттык менен мыйзам чегинде толук карап, бардык жагдайларга юридикалык баа берип, анан чечим чыгаргыла деп айтылат. Эгер андай жагдайларга көңүл бурбай, камоону чечим кылса, ал жогорку сот бутактарынан сөзсүз каралат. Тергөө жаңы башталып, иштин жагдайларлары текшерилип, далилдене баштаган кезде чыгарып коюуга жазык процессуалдык мыйзамдар жол бербейт экен. Ошондуктан, баарын эле мыйзамсыз деп айтууга болбойт».


Журналист Семетей Аманбеков сот жараяны көбүнчө журналисттер үчүн жабык өтөр сынга алды.


«Ачык болсо деле сот жараяндарында аудио-видео жаздырууга уруксат берүүнү судья өзү чечет. Уруксат берсе да «залды тарт, аны тартпа, мени тартпа» деп тыюу салат. Мындан тышкары өзгөчө саясатчылардын, журналист-блогерлердин иши каралганда сот чечиминин резолюциялык бөлүгү гана окулат. Өкүмдү чыгаруунун негизги себеби тууралуу айтылбайт, түшүндүрмө бир нече жумадан кийин гана чыгышы мүмкүн. Соттор чечимди кабыл алдыбы, аны жарыялаганда чечим тууралуу түшүндүрмө берсин».


Бишкек шаардык соту 3-октябрда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып жаткан учурда жараянды чагылдырууга барган журналисттер залдан чыгарылган.


4-октябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкек шаардык сотунун бул үч судьясына байланыштуу Соттор кеңешине кайрылган. Соттор кеңешине жөнөтүлгөн сунуштамада сот отурумуна катышууну каалаган журналисттерге аудио-видео жазууну жүргүзүү укуктары жана милдеттерин түшүндүрбөй туруп, аларды сот залынан чыгарып жибергени — сот бийлигинин беделин түшүрүп, элдин сот тутумуна болгон ишенимин кетирип жатканы жазылган.


Сөз эркиндигине кысым — соттордун бийликтен көз карандылыгы


Журналисттер ошондой эле кылмыш ишине шек саналып жаткан кишинин бөгөт чарасын аныктоодо соттор анын тергөө ишине кедергисин, жабырлануучуга, коомчулукка коркунучун, жоопкерчиликтен качып кетерин эске албай туруп, чечим чыгарган учурлар көптүгүн белгилешти.


Көп жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен да алектенип келген журналист, «Общественный рейтинг» гезитинин редактору Айбек Чекошев журналисттердин бөгөт чарасы дароо камака алууга чечилгени — соттордун бийликтен көз карандылыгынан кабар берип турат деп эсептейт.


«Бөгөт чарасын үй камагына чечкен сот өзүнүн чечимине түшүндүрмө бериши керек. Анткени, кайсы бир кылмышка шек саналган адамды үй камагына чыгарган учурда ал дээрлик эркиндикте болот. Ал жабырлануучуга, күбөлөргө, жалпы эле тергөөгө терс таасирин тийгизип же качып кетиши мүмкүн. Журналисттердин бөгөт чарасын камоо менен чечүү — бул жогору жактан айтылган кысым болушу толук мүмкүн. Сөз эркиндигине кысым, журналисттерди коркутуу чарасы деп түшүнсө болот. Ошондуктан, айрым иштер боюнча шектүүнү тергөө учурунда камоого жол бербөөчү мыйзамдар болушу шарт. Албетте буга бийлик кызыкдар эмес. Муну биз иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин — анын кармалышынан тартып, чыгарылган сот чечимдерине чейин чогуу күбө болуп көрүп билдик».


Жогорку соттун маалыматында жыл башынан бери Кыргызстандагы 1-инстанциядагы соттор тарабынан 53 879 иш каралган, анын ичинен 1944 иш гана Жогорку сотко кассациялык кароого жиберилген. Муну белгилеген Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бул көрсөткүч коомчулуктун сот бийлигине ишеничи артканынын белгиси деп эсептейт. Бирок ошол эле учурда сот системасы толук көз карандысыздыкка жете электигин мойнуна алды


«Сот системасы толук көз карандысыздыкка жете элекпиз. Кемчиликтерибиз көп. Азыр ошол кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштеп жатабыз».


Жабырлануучу менен айыпталуучунун укугучу?


Тегерек үстөлдө катышкан Жогорку соттун судья Кеңешбек Токтомамбетов соттук териштирүүлөрдү чагылдырууда журналисттерди кылдат болууга чакырды.


Ал сот жараяндарында тиешелүү этика сакталбай, окуяларга бир беткей баа берилген учурлар кездешерин айтып, ЖМКнын жоопкерчлигине байланыштуу маселеге токтолду.


«Айрым учурларда журналисттер оор кылмыш иштери боюнча материалдарды берип жатканда жеке маалыматтарды ачыкка чыгарат. Алардын жашаган жерин, окуган мектептерин, жада калса жабырлануучунун жакын туугандарынын аты-жөнүн ачык берип салышат. Бул жабырлануучулардын гана эмес, айрым учурларда айыпталуучулардын да жеке турмушуна, балдарына, коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Ошондуктан, мен журналисттерди деперсонификациялоону колдонууга, алардын тек-жайын ачык жарыялоодон карманууга чакырат элем».


Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев журналисттерге кылмыш ишин караган 1-сот бутагынын чечими акыркы чечим болуп саналбай турганын эскертти. Мындан улам соттогу катышуучу тараптардын ачык көрсөтүлүшү дагы маселе жаратарын айтып, аудио жана видео жаздырууга сот эки тараптын макулдугун алышы шарт экенине токтолду.


«Көп учурда өкүм жарыяланган күнү эле, ал күчүнө кире элек мезгилде соттун катышуучу тараптарынын аты-жөнү ачык айтылып, өңү-түсү көрсөтүлөт. Бул туура эмес жана мыйзамсыз. Анткени ал күнү өкүм күчүнө кире элек болот. Сотто жаза алган адам он күн ичинде жогорку сот бутагына кайрылып, өкүмс жокко чыгарып же акталып калышы мүмкүн. Андай учурларда кийин журналисттерге карата доо берилиши мүмкүн. Мындан тышкары сот жараяндарын чагылдырып жаткан журналисттерге ишке төрагалык кылуучу же судья эки тараптын: жабырлануучу менен айыпталуучу тараптардын макулдугу менен гана аудио жана видео жаздырууга уруксат бере алат».


Талкууга катышкан журналисттер кайсы бир иштерди кароодогу судьялардын кыймыл-аракети, алардын суроо жараткан чечимдери жана жоопкерчилигине байланыштуу сындарды айтышты.


«Республика», «Асабаны» жапкан сот чечими бүгүн блогерлерге жетти


Эгемен Кыргызстандын тарыхында сот тарабынан маалымат каражаттарын жабуу өткөн кылымдын 90-жылдарына барып такалат. Көз карандысыз «Республика» гезитинин редактору Замира Сыдыкованы «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Дастан Сарыгулов сотко берип, жыйынтыгында Сыдыкова абакка камалып чыккан.


Ошол эле жылдары соттун чечими менен оппозициялык маанайдагы «Свободные горы» басылмасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.


2000-жылы мурдагы партиялык жетекчи Турдакун Усубалиевдин доо арызынын негизинде сот «Асаба» гезитин жапкан.


Акыркы жылдары сот чечими менен жабылган маалымат каражаттарынын катарын «Апрель ТВ» толуктады. Быйыл «Некст ТВ» телеканалынын ишине бир нече күн бөгөт коюлуп, кайра ишке кирди.


Иликтөөчү журналисттерди, соцтармактардагы билдирүүлөрү үчүн блогерлерди темир тор артына камоо азыркы бийликтин тушунда да уланууда.


28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыкты. Судья тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми «документ жасалмалоо» деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди. Темиров акыркы өкүм боюнча апелляциялык арыз жазыларын айтууда.


Жакында эле Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды. Өкүм 21-сентябрдагы отурумда угузулуп, ал сот залынан бошотулган.


Адвокаттар өкүмгө макул эместигин билдирип, сөзсүз апелляциялык арыз берилерин айтышкан.


Блогер Ырыс Жекшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен айып тагылды. Ага ылайык, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.


Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек да 278-берененин негизинде июнь айынан бери камакта отурат. Ал Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып турчу. Активист камалганга чейин бийлик ага бир нече жолу эскертүү бергенин айтып жүргөн.


https://www.azattyk.org/a/sottorgo-sobol-jurnalistterge-eskertuu/32068342.html