KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад шаарынын студенттери укуктук маданиятын жогорулатууда

03 июня 2021

Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Жалал-Абад колледжинин” укук тануу адистигинин студенттери үчүн конок лекциясын өткөрүлдү.


«Жазык укуктук таасир этүү чаралары жана алардын колдонулушу”  деген аталыштагы лекция юриспруденция тармагындагы студенттердин адеп-ахлактык сапаттарын бекемдөө жана укуктук билимдерин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.


Алтынбек Калмамат уулу студенттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Андан соң студенттердин окууларына ийгиликтерди  жана теориялык билимдерин бекемдөө максатында өзүлөрүнүн үстүнөн иштөөсүн  каалап, мындан ары дагы студенттер менен лекциялар улантыларын белгиледи.


Ал эми ЖАМУнун колледжинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Б.М.Турдубаева тарабынан Калмамат уулу Алтынбеке кесипкөй адистерди тарбиялоодо чоң салымын кошкондугу үчүн ыраазычылык катын тапшырды.


 


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


 


Видео-блок

"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды
Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...