KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Жогорку сот Кенешбек Токтомамбетовдун апасы дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтат

22 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана ардагерлер кеңеши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңеши, Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы, Кыргыз Республикасынын  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши, Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун судьясы Кенешбек Токтомамбетовдун апасы – Турдубекова Сайнап   дүйнө  салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Сиздин үй-бүлөңүздүн, туугандарыңыздын жана жакындарыңыздын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.