KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук соту мамлекеттик бйлик өкулдөрү жана имамдар менен жолугушу өткөрдү

06 июля 2021

Жалал-Абад облусунун сотунун төраганын орун басары Бакыт Калыков, судья Шакирали Акбаров жана Сузак райондук сотунун төрайымы Нуржамал Маматалиевалар  “үй-бүлөнүн негизин бекемдөө” “энеликти, балалыкты жана башкаларды коргоо боюнча коомдук жана укуктук коргоону камсыз кылуу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын түшүндүрүү боюнча иш чараларынын алкагында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Сузак райондук мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Сузак районунун имамдары менен жолугушуу өткөрүштү.


Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мамилелер жаатындагы мыйзамдарын чечмелөөдө жана колдонууда ажырашуунун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин талкуулоо.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өспүрүмдөргө каршы зордук-зомбулук, үй-бүлөлүк зомбулук жана кылмыштуулукка бөгөт коюу жолдорун талкуулашты.


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы



Видео-блок

Калыс сот – элдин тиреги | Нарын
Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...