KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргызстандын судьялары Казакстандын сотторунун жана сот тутумунун кызматкерлеринин II Эл аралык форумуна онлайн катышууда

28 октября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 28-октябрында, Казакстан Республикасынын сотторунун жана кызматкерлеринин “Жаңы Казакстандын шартында сот системасы жана сот адилеттиги: абалы жана келечеги” аттуу II Эл аралык форуму ишин баштады.  Форумду Павлодар облустук соту уюштуруп, ага Кыргыз Республикасынын судьялары катышууда.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков онлайн режиминде куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чара укуктук маалымат алмашууга гана эмес, укуктук кызматташтыкты тереңдетүүгө жана бекемдөөгө да салым кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, катышуучулардын пикир алмашуусу эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын чөйрөсүн кыйла кеңейтип, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аймактык интеграциянын бардык механизмдерин колдонууга өбөлгө болоорун кошумчалады.


Эл аралык форумда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аскат Сыдыков “Кыргыз Республикасында тергөө судьялары институтунун калыптануу көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүүнүн келечеги” деген темада доклад менен чыгат.


Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар сот тутумундагы укук чыгаруу иши менен таанышат, жазык, административдик жана жарандык сот өндүрүшү, сот системасын модернизациялоо аспектилери, сотторго болгон ишенимди жогорулатуу, жашы жете электердин сот адилеттигине жетүүсү, анын ичинде илимий өңүттө баяндамалар күтүлүүдө.


Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Инара Гилязетдинова жана Аскат Сыдыков, ошондой эле Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбека Абдылдаев Тараз шаарында (Казакстан) «Open day» форматында бир катар тажрыйба алмашуу жолугушууларын өткөрөт жана Жамбыл облусунун сотторунун мисалында жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын жыйынтыктары менен таанышат.


Айта кетсек, Жамбыл облустук соту кыргыз делегациясынын эл аралык форумдун ишине аралыктан катышуусу үчүн аянтча уюштурган.


 




Телеграм: https://t.me/jogorkusot