KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын судьялары Борбор Азиядагы судьялардын Диалогуна катышууда

06 марта 2020

Ушул күндөрү Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Борбор Азиядагы  судьялардын Диалогунун экинчи эксперттик жолугушуусу өтүп жатат. Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын судьялары А.А.Айдыралиева, Э.М.Шаршеев, Ж.П.Момбаев, Т.Ж.Насиров катышууда.


Диалогдун катышуучулары коопсуздук көйгөйлөрү, коомдук кызыкчылыктар, сөз эркиндиги жана өз оюн билдирүү, Борбор Азиядагы диний же этника аралык касташууга каршы укуктук чаралар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык контекстинде жалган маалыматтарды таратууну жөнгө салуу, ошондой эле Борбор Азиядагы беш мамлекетте сөз эркиндиги боюнча сот тутумунда жүрүп жаткан реформалар талкууланууда.


Самаркандтагы судьялардын Диалогу — бул 2018-жылы Бишкекте болгон жолугушуунун платформасынын уландысы. Бул иш чаранын максаты сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоо, ошондой эле региондордогу практикалар менен алмашуу болуп саналат.



Видео-блок

Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?
Номад ТВ: Что изменится в судебной системе Кыргызстана
Ваше мнение — это ваш вклад в совершенствование правосудия!
Сиздин пикириңиз – сот адилеттигин жакшыртууга кошкон салымыңыз!
Сот системасы кескин өзгөрүүгө муктаж. Жогорку сот 6 айдын жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...