KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү соттору адилеттүүлүктү жүзөгө ашыруунун 2021-жылдын 9-айындагы жыйынтыктарын чыгарууда

19 ноября 2021

2021-жылдын 19-ноябрында Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан  Боромбаевдин төрагалык кылуусунда Талас областынын жергиликтүү сотторунун төрагаларынын катышуусунда 2021-жылдын 3-кварталында жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу чогулуш өткөрүлдү.


Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Айнура Султаналиева жана Жекшеналы Курманбаев ар бир соттун судьяларынын сот адилеттүлүгүн жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча тактамалары менен тааныштырып өтүшүп жана биринчи инстанциядагы соттордун иштери боюнча соттук актылардын апелляциялык тартипте кароодо жокко чыгарылышынын же өзгөртүлүшүнүн себептерин айтып өтүштү.


Статистикалык маалыматка ылайык, Талас областынын жергиликтүү биринчи инстанциядагы соттору тарабынан 2021-жылдын 9 айында жалпы 3213 иш жана соттук материалдар каралган болсо салыштырмалуу ошол мезгилге 2020ж. – 2672 иш жана материал же 20,2% пайызга көп каралган, анын ичинен апелляциялык тартипте 211 иш жана соттук материалдар боюнча соттук актылар даттанылып каралган болсо (2020ж. – 151 иш) же 39,7% пайызга көбөйгөнүн көрсөк болот. Даттанылган соттук актылардын күчүндө калуусу 2021-жылдын 3-кварталында 61,6% пайызды түзсө (2020-ж. 47,7% түзгөн), бул биринчи инстанциядагы соттордун иштерди кароо сапаты 13,9%  жогорулаганын көрсөтөт.


Ошол эле учурда, кассациялык инстанцияга даттанылган соттук актыларды күчүндө калуусу 7,5% пайызга төмөндөгөн, мисалы алсак  9 ай ичинде 66,7% соттук актылар күчүндө калтырылса, ал эми ошол эле мезгилдин 2020-жылы 74,2% пайызды түзгөн.


Мындан тышкары, Мирлан Боромбаев 2021-жылдын 1-декабрынан баштап жазык, жазык-процесстик жана укук бузуулар жөнүндө кабыл алынган кодекстер күчүнө киргендиктен, судьяларга соттук актыларын кабыл алууда жаңы мыйзамды колдонуусун эскертти.


Ошондой эле, чогулуштун жүрүшүндө биринчи инстанциядагы соттордун төрагаларынан жергиликтүү сотторунун бекитилген иш пландары боюнча аткарылып жаткандыгы иш-чаралары канааттандырарлык эместигин, иштерди кароодо аудио жана видео системасы толук колдонулбай жаткандыгын, сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жарандарды маалымдоо иштери, соттор тарабынан жасалып жаткан коомдук иштери, укук коргоо органдары, башка органдар жана окуу жайлары менен иш-чаралары төмөнкү денгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.


Жыйындын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын жана эмгек тиртибин, Судьянын ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоосун, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен, кылмыштуулукту болтурбоо максатында окуу жайлардын окуучулары менен жолугушууларды, мамлекеттик органдар, укук коргоо органдардын жана башка органдардын өкүлдөрү менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну күчөтүүгө чакырып көңүлдөрүн бурду.


Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процесси боюнча мамлекеттик кызматчыларга таандык чектөөлөрдү бекем сактоону жана бузбоону эскертти.


Талас облустук сотунун басма сөз катчысынын  м. а.  Эрбол Балыбаев