Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьялары качкындардын башпаанеги жана алардын укуктарын коргоого арналган иш чарага катышууда.
2021 -жылдын 4 -октябрынан 7 -октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Улуттук кеңсеси менен биргеликте башпаанек жана качкындардын укуктарын коргоо боюнча көчмө тренинг -семинар өтүүдө.
Иш чарага ар кандай мамлекеттик органдар менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Сот системасынан Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Жогорку соттун судьясы Бактыгүл Аманалиева, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Болотбек Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Азис Эшалиев, ошондой эле Жогорку соттун Аппаратынын бөлүм башчысы Жанайым Кулукеева,Бишкек шаардык соттун секторунун бөлүм башчысы Наргиза Бузурманкулова жана Бишкек шаардык Административдик сотунун аппаратынын башчысы Бектур Джуматаевдер катышышты.
Судья Азис Эшалиев «Башпаанек берүү боюнча иштерге даттануунун учурдагы практикасы» деген темада баяндама жасады. Ошондой эле качкындарды кароо процессиндеги процессуалдык мыйзамдардын нормалары тууралуу айтып берди.
Уюштуруучулар катышуучуларга биздин өлкөдөгү башпаанек тутуму, анын юридикалык жана институционалдык жагы, ошондой эле качкындардын укуктарын эл аралык коргоо жана БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Улуттук кеңсесинин мандаты жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар өз презентацияларын кылышып, ар кандай кейстерди талкуулашты.