KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Казакстан Республикасынын соттук медиация тажрыйбасы менен таанышты

22 июня 2023

Ушул  күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков баштаган кыргыз делегациясы,  курамында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Айбек Молдакунов, Ош облустук сотунун судьясы жана Судьялар кеңешинин мүчөсү Айнура Султаналиева, Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) Кыргыз Республикасындагы консультанты Дилбар Максимбекова Казакстан Республикасына болгон  иш сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Нурсерик Шарипов менен жолугушту.


Нурсерик Шарипов мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасын белгилеп, эки өлкөнүн сот тутумунун кызматташтыгын өнүктүрүүгө ишенимин жана соттук медиация жана жарашуу жол-жоболору жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле элдештирүү жол-жоболорун өнүктүрүү иштин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналып, социалдык туруктуулукту камсыз кылып,  коомдогу чыр-чатакты азайта тургандыктан, өзгөчө мааниге ээ болуп жаткандыгына көңүл бурду.


Андан соң Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Улбосын Сулейменова кыргыз  делегациясына  Казакстанда соттук медиацияны киргизүүнүн негизги этаптары, талаш-тартыштарды арбитражга, “Астана” Эл аралык Каржы Борбору сотуна (АЭКБ) жана Эл аралык Арбитраждык Борборго (ЭАК)  берүү аркылуу чечүүнүн альтернативдүү жолдорун тааныштырды.


Жыйындын катышуучулары жарашуу жол-жоболоруна адистешкен судьялардын ишин уюштуруу, жарашуу жол-жоболорунун эффективдүүлүгү, анын ичинде «сотко чейинки протокол» жаңы институтун колдонуу маселелерин талкуулашты.


Мындан тышкары делегация Байланыш борборунун жана Кырдаал борборунун иши менен таанышты.


Эскерте кетсек, эртең, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Астана шаарынын сотторуна жана Жарашуу борборуна барышы күтүлүүдө.


 


 


 


Сүрөттөр sud.gov.kz сайтынан алынды


Видео-блок

Жогорку сот менен жергиликтүү соттор ишембиликке катышты
ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...