KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары судьялык этикага жана судьялык этикетке байланыштуу маселелерди талкуулашат

19 ноября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 19-ноябрында, «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын ассоциациясы» коомдук бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары үчүн судьялык этика жана судьялык этикет боюнча тренинг өз ишин баштады.


Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакированын саламдашуу сөзүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаева окуду,  ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Судьяларынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрайымы  Дилара Арстанбаева жана  Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Асанова саламдашуу  сөзү менен чыкты.


Эксперттер  катары отставкадагы судья, КР эмгек сиңирген юристи  — Лариса Гутниченко,  отставкадагы магистр, ардактуу башкы прокурор жана Франциянын Жогорку Магистратура кеңешинин мурдагы мүчөсү  — Жан-Мари Юе, отставкадагы судья, Болгариянын мурдагы юстиция министри —  Драгомир Йорданов, ошондой эле адвокат, Борбордук Азиядагы Америка университетинин Укук  программасынын  доценти —  Наталья Аленкина чыгышат.


Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар судьянын негизги этикалык баалуулуктары жана сапаттарына, кызыкчылыктардын кагылышын пайда кылган жагдайлар жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөчү тыюу салуулар менен чектөөлөргө, сот өндүрүшүнүн кесипкөй катышуучулары: судьяларга, прокурорлорго, юристтерге карата сот этикетинин талаптарына токтолушат. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн практикасын, сот этикасы жана судьялык этикет жаатындагы эл аралык кабыл алынган стандарттары менен таанышышат.


Атайын чакырылган эксперттер Жан-Мари Юе жана Драгомир Йорданов Франция менен Болгариянын мисалында сот этикасы жана судьялык этикет боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.


Иш-чара «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгүнүн 2-фазасы» Программасынын колдоосунда өткөрүлүүдө.