KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар Түп районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жолугушушту

13 февраля 2020

Сот органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара  кызматташтыгын жакшыртуу максатында Түп райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Астаев Батырхан Алтынбекович жана судья Токтобаев Айбек Болотович Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Эльчибек Джантаев, Түп районунун 13 айыл өкмөтүнүн башчылары, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жана башка мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушуу өткөрүштү.


Жыйында Батырхан Астаев бул ирет жолугушуу таанышып, пикир алышуу максатында уюштурулганын жана судьялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууга кызыктар экендигин белгиледи. Ал эми судья Айбек Токтобаев 2019-жылдын 1-январынан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген кодекстер, жаңы редакциядагы пробация жана амнистия жөнүндөгү мыйзамдардын киргизилиши жана колдонуу тартиби, ошондой эле тергөө судьясынын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады. Андан соң, жарандарга юридикалык жардамдарды көрсөтүү жолдорун жеңилдетүү маселеси жана медиаторлордун көмөктөшүүсү менен талаш-тартыштарды жөнгө салуунун жол-жоболору жөнүндө суроолор талкууланды.


Өз кезегинде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү судьяларга мындай жолугушуу уюштурганы үчүн алкыш айтып, сот органдары менен өз ара кызматташтыктын бекемделишине кызыктар экендигин билдиришти.


Жыйындын соңунда тараптар мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууну макулдашышты.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева