KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судья Алма Кадыркулова аял судьялардын эл аралык конференциясына катышты

07 марта 2024

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова Ташкент шаарында өткөн «Өзбекстандын аял судьялары: адилеттүүлүктүн жана күчтүн символу» аттуу конференцияга катышты.


Алма Кадыркулова «Кыргыз Республикасынын Жазык сот өндүрүшүндө гендердик теңчилик: чакырыктар жана жетишкендиктер»темасында негизги доклад менен чыгып сүйлөдү.


Судья өз баяндамасында жазык сот адилеттиги чөйрөсүндө гендердик теңчиликти бекемдөө багытында Кыргызстан тарабынан жасалып жаткан маанилүү кадамдарга басым жасап, андан ары талкуулоону жана чечүүнү талап кылган маселелерди көтөрдү. Алма Кадыркулованын сүйлөгөн сөзү конференциянын катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну жаратып, жемиштүү жана мазмундуу дискуссияга негиз болду. Дүйнө жүзүндөгү эксперттердин ортосунда пикир жана тажрыйба алмашуу жазык сот өндүрүшүндө гендердик теңчилик маселесинин маанилүүлүгүн жана татаалдыгын терең түшүнүүгө өбөлгө түздү, ошондой эле бул идеяларды мындан ары алга жылдырууда биргелешкен күч-аракеттердин зарылдыгын баса белгиледи.


Конференция АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан Өзбекстан Республикасынын Жогорку соту, Жогорку Сот кеңеши жана East-West Management Institute Inc. менен биргеликте Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулгандыгын белгилейбиз.


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...