KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун судьясы мектеп окуучуларына кылмыш-жаза мыйзамдарынын айрым өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

23 ноября 2021

2021-жылдын 22-ноябрында  Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Ильяс Ботоев Жалал-Абад шаарында жайгашкан №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясында “Өспүрүмдөр же жашы жете электердин  арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу” максатында 9, 10, 11-класстын окуучулары менен маалыматтык жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун алкагында, судья окуучуларга кылмыш-жаза мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө, аларга карата колдонулган чаралар, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар жана жоруктар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берди.


Окуучулар өздөрү үчүн маанилүү болгон  суроолорду беришип, аларга мазмундуу жоопторду алышты.


Жолугушуунун соңунда, Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Ильяс Ботоев окуучуларга бекем ден-соолук, окууларына ийгиликтерди  каалады.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы  Мирлан Торомаматов


Видео-блок

"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...
М.Сатыев: "Областтык соттун төрагалары ар бир судьяңар үчүн жооп бересиңер!" Кеңейтилге...
Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...