Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын 24 жаштагы угуучусун сүзүп кеткен айдоочуга сот баш коргоо чарасы катары үй камагын колдонгон, бул социалдык тармактарда жана коомчулукта нааразычылыкты жараткан жана маалымат каражаттары тарабынан туура эмес чечмеленген.
Буга байланыштуу Жогорку Сотто маалымат жыйыны өтүп, анда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева журналисттерге мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы токтому менен бекитилген шектүүлөрдү, айыпталуучуларды, камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси каралганын түшүндүрүп берди. Ошондой эле, журналисттердин жана пресс-конференциянын башка катышуучуларынын бардык суроолоруна кеңири жооп берди.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту айыпталуучунун 5-даражадагы бөйрөк оорусу, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруганын көрсөткөн медициналык документтерди жактоочу тарап сотко бергендигине байланыштуу үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Бул оорулар камакта кармоонун алдын алган олуттуу оорулардын тизмесине киргизилген.
Маалымат жыйынында судья ЖМКда жана социалдык тармактарда сотко карата терс мамилени калыптандыруу үчүн чечимди туура эмес чечмелеп албоо үчүн түшүндүрмөлөрдү беришкендигин белгилейбиз.