KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына арналган жыйын болду

10 сентября 2020

Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира  Кожобекова жана  Баткен облусунун район, шаардык соттордун төрагаларынын жана судьяларынын катышуусунда 2020-жылдын биринчи жылдыгынын жыйыны өткөрүлдү.


Жыйында 2020-жылдын 6 айында Баткен облусунун соттору тарабынан 131 жазык иши, 75   жоруктар жөнүндө иш жана 88 соттук материалдар каралгандыгы маалым болду.


Аймак  боюнча тергөө судьялары тарабынан 773 сотко чейинки өндүрүш иштери каралган.


Ал эми жарым жылдыкта каралган жарандык иштердин саны 1017 ишти түзүп, бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,1 % аз.


Баткен облусунун административдик сотуна 2019-жылдын калдыгы менен биригип 140 административдик иш жана 107 экономикалык иш түшкөн. Анын ичинен 41 административдик, 49 экономикалык иштер чечим чыгаруу менен каралган.


Баткен облустук сотунун төрайымы соттордун иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрүнүн  тартибин, мыйзам ченемдерин, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө  жана жеке турмушта этикалык жүрүм-турумдарды  сактоо маселеси  тууралуу да талкуу кылды.


Жыйындын соңунда Гульмира  Кожобекова судьяларды мыйзамдын чегинде адилеттүү иш  алып барууга чакырды.



Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы


Замирбек Ормонов