KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте «Соттордун көз карандысыздыгы конституциялык реформалар контекстинде» темасында эл аралык конференция өтүп жатат

16 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) менен биргеликте «Соттордун көз карандысыздыгы конституциялык реформалар контекстинде» темасында эл аралык конференция өтүп жатат.


Иш чарага Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов, Өзбекстан Республикасынын төрагасынын биринчи орун басары Робахон Махмудова, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Кодирзода Тохир Камар,  аталган өлкөнүн Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын  төрагасы Азиззода Зафар, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун, ошондой эле Конституциялык соттун  судьялары, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Министрлер Кабинетинин, Акыйкатчы институтунун, жарандык коомдун, Түндүк Македониянын атынан Венеция комиссиясынын мүчөсү Дескоска Рената  жана аталган комиссиянын алыскы чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, алыскы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.


Эл аралык конференцияны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун ачык-айкындуулугу, сот бийлигинин көз карандысыздыгы туурасында кеңири доклад менен чыкты.


Глобалдык санариптештирүү шартында соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө электрондук булактар аркылуу маалымат берүү өнүккөн. Айтсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайтында жогорку сот органынын иши жана уюштуруусу жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү соттор жөнүндө маалыматтар, карала турган иштердин тизмеси, сот актыларынын тексттери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору, сот практикасын жалпылоо жарыяланып турат.


Сот тутумунун ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын сотторунда «Сот» автоматташтырылган маалыматтык тутуму («Сот» АМТ), соттук отурумдарды аудио жана видеого жаздыруу, иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системалары, ошондой эле соттук отурумдун убактысы жана орду, кабыл алынган сот актылары жөнүндө маалыматтарды камтыган www.act.sot.kg (акт сот кейжи) интернет-порталы ишке киргизилди. Мындан тышкары, учурда жарандар менен ачык өз ара аракеттенүү үчүн санариптик чечим болуп саналган жана сотко арыздарды, доо арыздарды жана даттанууларды берүүгө, ошондой эле башка процессуалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү “Санариптик сот адилеттиги” порталы иштелип чыгууда”,- деп белгиледи Замирбек Базарбеков.


Иш чаранын ачылышында  сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов эл аралык конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан кайрылуусун окуп берип, чындыгында сот бийлигине ары татаал, ары жооптуу милдет-мыйзамдуулук менен акыйкаттыкты камсыз кылуу, өлкөдө  мыйзам үстөмдүүлүгүн бекемдөө аркылуу сот акыйкаттыгын жүзөгө ашыруу озуйпасы жүктөлгөндүгүн белгиледи.


Күчтүү жана көз карандысыз сот тутуму болмоюнча, азыркы замандын катаал чакырыктарына, тамырын терең сайып, бутагын кенен жайып алган коррупция, ашынган алдамчылык сындуу жоболондуу жосундарга, киши өлтүрүү, зордук-зомбулук өңдүү өтө оор кылмыштарга туруштук берүү кыйын. Айрыкча калкыбыздын колдоого жана коргоого муктаж катмарынын, анын ичинде жетим-жесирлердин, аялдар менен балдардын зордук-зомбулукка кабылышына жол бербешибиз керек. Андан ашкан күнөө жок”, -деди Сүйүнбек Касмамбетов.


Эл аралык конференциянын катышуучулары  сессияларга бөлүнүп, Конституциялык реформа жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы, сот бийлигинин башка бутактары менен өз ара аракеттенүүсүнүн чектери, сот бийлигинин көз карандысыздык принцибин ишке ашыруу механизмдери, көз карандысыз жана адилеттүү сот адилеттигинин критерийи катары сотко ишенүү деген темаларда  талкуу болот.