KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда коррупцияга каршы мыйзамдардын негиздери жана кызматкерлердин кесиптик этикасы боюнча семинар болуп өттү

07 июня 2021

Бишкек шаардык соту “Мыйзамдын артыкчылыгы” коомдук фонду менен биргеликте соттун кызматкерлери үчүн “Кесиптик этика жана коррупцияга каршы саясаттын негиздери” аттуу семинар өткөрдү.


Семинар мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик этикасынын деңгээлин жогорулатууга багытталган.


Бул семинарга 25тен ашуун сот кызматкерлери катышты.


Семинарды Кыргызстан эл аралык университетинин окутуучусу, практик юрист, эксперт жана машыктыруучу Кыдырмамбет кызы Мээрим алып барды.


Тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик кызматкер кандай болуш керек, мамлекеттик кызматта өз ара мамилелердин маданиятын кантип калыптандыруу керек жана мамлекеттик кызматкерлердин этикага сыйбаган жүрүм-турумун алдын алуу маселелери түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттарын калыптандыруу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү үчүн жооптуу кызмат адамдары менен аларды ишке ашыруу практикасы жөнүндө маселелер белгиленди.


Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.


Видео-блок

В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди
Панфилов районунда жаңы сот имаратынын пайдубалына капсула салынды
Кыргызстандын сотторунда электрондук билдирүү системасы ишке кирүүдө
УТРК: Алимент маселеси – бүгүнкү күндүн чындыгы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...