KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот системасынын түзүлүшүнүн 95 жылдык мааракесинин урматына жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин ортосунда футбол жана волейбол боюнча турнир болуп өттү

10 сентября 2019

2019-жылдын 8- сентябрында Кыргыз Республикасынын сот системасынын түзүлүшүнүн 95  жылдык мааракесинин урматына  Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  кызматкерлеринин  ортосунда футбол жана волейбол боюнча турнир болуп өттү.  Иш чара Манас райондук соту тарабынан  сот кызматкерлеринин арасында спортту   жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө  максатында  уюштурулган.


Оюндун жыйынтыгында Талас облустук сотунун футбол боюнча курама командасы эң мыкты деп табылып,  экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды Талас шаардык сотунун кызматкерлери жана Бакай-Ата райондук сотунун командасы ээледи.


Талас облустук сотунун волейбол  командасы дагы  биринчиликти алды. Бул споттун түрүндо экинчи орунду Кыргыз Республикасынын жогорку сотуна караштуу Талас облустук Сот департаментинин башкармалыгынын командасы ээлеп,  үчүнчү орунга Талас райондук сотунун жана Талас областынын райондор аралык сотунун курама командасы татыды.


Жалпысынан  мелдешке 7 команда катышып, жеңүүчүлөр кубоктор жана дипломдор менен сыйланды.


 


Видео-блок

Беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти
“Ар бир судьянын үстүнөн түшкөн арыздар дыккат каралышы керек!” М. Сатыев Судьялар кеңе...
"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...
М.Сатыев: "Областтык соттун төрагалары ар бир судьяңар үчүн жооп бересиңер!" Кеңейтилге...
Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...