KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Каракол шаарында соттордун аппарат кызматкелеринин коррупцияга  каршы билимин жогорулатуу иштери жүргүзүлдү

02 февраля 2021

2021-жылдын 29-январында Ысык-Көл областынын Административдик сотунун конференц-залында соттордун аппарат кызматкелеринин коррупцияга  каршы билимин жогорулатуу максатында тегерек стол болуп өттү.


Аталган иш чара Ысык-Көл областтык сотунун демилгеси менен уюштурулуп, ага Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Алмазбек Апышев, Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Русланбек Маматкулов, Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Адилет Шаршеев, Түп райондук сотунун төрагасы Батырхан Астаев, Ысык-Көл областынын Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев, Каракол шаардык сотунун жана жогоруда аталган соттордун бөлүм башчылары, Ысык-Көл областтык сотунун жана Ысык-Көл областынын Административдик сотунун аппарат кызматкерлери катышышты.


Жолугушууда  соттордун аппарат кызматкерлерине  коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар   бир шаардык    жана    райондук    соттордо    паракорлукка каршы кандай  иш чаралар өткөрүлүп, кандай аракеттер көрүлүп жатканы жөнүндө жана ишеним телефону кандай тартипте иштеп жатканы тууралуу маалыматтар берилип, жемкорлук менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун колдонуу маселеси талкууланды.


Катышуучулар Кыргыз Республикасынын 2021-2024-жылдарга  коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик   стратегиясы, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин чечимдери жана коррупцияга каршы БУУнун конвенциясы менен таанышышты.


Ошондой эле кызматкерлерге «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодексинин талаптарын аткаруу боюнча, кызыкчылыктар кагылышкан учурда жүрүм-турум эрежелери, алардын коррупциялык кылмыштарды жасоого ынандыруусуна каршы туруу милдети жөнүндө   түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                     Гульзада Аширбаева