KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областында сотторду санариптештирүү боюнча пресс-тур өткөрүлдү

09 июня 2020

Соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) сот тутумунун ачык-айкындыгын камсыздоо менен сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.


Ысык-Көл областынын биринчи инстанция сотторун санариптештирүү иштери кандай жүрүп жатканы жөнүндө журналисттерге кененирээк Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Нурдин Ибраимов, Каракол шаардык сотунун судьясы Айбек Токтобаев, Каракол шаардык сотунун бөлүм башчысы Кайнарбек Бексултанов жана Ысык-Көл областынын Административдик сотунун бөлүм башчысы Алмаз Джанболотовдор айтып беришти.


Анда учурда Ысык-Көл областы боюнча Ак-Суу райондук, Каракол шаардык жана Балыкчы шаардык сотторунун сот отурумунун залдарында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулганы белгиленди. Мындан тышкары, сот тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында иштерди электрондук каттоо менен электрондук статистикалык карталар түзүлгөнү жана судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү ишке киргизилгендиги жөнүндө маалымат берилди.


Пресс-тур калктын маалымдуулугун жакшыртуу менен бирге укуктук маданиятын өркүндөтүп, жарандардын сот тутумуна болгон ишеничин жогорулатууга багытталган.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...