KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

В Кызыл-Кийском городском суде Баткенской области была проведена встреча с представителями правоохранительных органов

20 января 2023

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык соту укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү


Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунда Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Манасбек Дарманкулов, судья Назгүл Моютова, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана шаардык прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшундө төрага Манасбек Дарманкулов шаардык сот тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштердин жыйынтыгы боюнча статистикалык маалыматтарга токтолуп, протоколдорду кайтарып берүүнүн айрым себептерин белгилеп өттү. Ошону менен бирге, милиция кызматкерлерин протоколдорду туура толтурууга жана далилдерди чогултуунун толуктугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.


Судья Назгүл Моютова жыйындын катышуучуларын жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алууга чакырып, ошондой эле укук бузуулар боюнча материалдарды сотко берүү мөөнөтүн сактоону белгилеп өтту.


Жыйындын соңунда катышуучулар укук бузуу материалдарын толутурууда жана сотко даярдоодо пайда болгон айрым суроолор боюнча пикир алмашышты.


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов


Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...