KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Соттук аудит боюнча кеңешме уюштурулду

19 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан түзүлгөн  комиссия соттордун ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууда, сот адилетинин сапатын жакшыртууда жана сот иштерин уюштурууну оптималдаштыруу максатында “Соттук аудит жана сот ишин ички көзөмөлдөө боюнча атайын колдонмо иштеп чыгышкан. Аталган колдонмо     Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын атайын буйругунун негизинде учурда республикабыздын жергиликтүү сотторунда аткарууга алынып, иштеп жатат.


Кечээ, Нарын шаардык сотунун  аппарат кызматкерлери    соттук аудит жана сот ишиндеги  ички көзөмөл жөнүндө  колдонмодо көрсөтүлгөн маселелердин  тегерегинде   кеңешме  уюштурушту.Шаардык соттун төрайымы Сейдакмат кызы Назира  аткаруудагы колдонмо менен баардык аппарат кызматкерлери таанышкандыгын демек,  сот иштерин жакшыртууда  колдонмодо  дээрлик өзөктүү  маселелер камтылгандыгын мисалдар менен белгилеп, өз учурунда  келип чыккан айрым   суроолорго жооп берди.


Кеңешме жүрүшүндө аткарыла турган  иштерге да тиешелүү   милдеттер белгиленди.


 


  Нарын облустук сотунун басма-сөз кызматы