Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү, 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясы) менен айыпталып жаткан Ж.С.С.ге карата кылмыш иши боюнча жабырлануучу, Түштүк Корея Республикасынын жараны Л.Л.С. менен онлайн сурамжылоо жүргүздү.
Соттук отурумда айыптоочу тарап жабырлануучуну видеоконференц байланыш аркылуу сурамжылоо жөнүндө өтүнүч келтирген. Судья аталган өтүнүчтү канааттандыруу менен жабырлануучуну онлайн сурамжылоо жөнүндө токтом чыгарган жана аталган токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине аткаруу үчүн жиберилген.
Андан сон аталган токтом Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги аркылуу аткарылган. Видеоконференц байланыштын каражаттары менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги менен жабырлануучу, Түштүк Кореянын жараны суракка алынган.
Жабырлануучуга анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, соттун курамы жарыяланып, жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаары эскертилген. Тиешелүү колкат Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин үчүнчү катчысы Р. Жайлообеков тарабынан алынып сотко жиберилген жана ал азыркы убакта ишке тиркелген.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2022-жылдын август айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотундагы кезектеги сот отурумунун жүрүшүндө кылмыш иштеринин бири боюнча процесстин катышуучусун видеоконференц байланыш режиминде суракка алуу өткөрүлгөн жана бул эл аралык деңгээлде биринчи жолу жүргүзүлгөн. Анда процесстин катышуучусу, Казакстан Республикасынын жараны суракка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигине укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө тиешелүү суроо-талап жөнөтүлгөн жана ал казак тарап тарабынан колдоого алынып, аткарылган.
Белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучунан улам чектөөлөрдүн башталышы менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги процесстин катышуучуларын суракка алуу практикасы киргизилген. Мындай чара түздөн-түз байланышты жана конвой чыгымдарын азайтууга өбөлгө түздү.

