KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар түз эфирде сот адилеттүүлүгү жана реформанын жыйынтыктары тууралуу маек беришти

14 января 2021

Жакында  Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басарлары Алмазбек Апышев, Канат Аманов жана Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы Канагат Энтериев Ысык-Көл областтык медиа борборунун түз эфиринде маек беришти. Анда элдин сот тутумуна болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу багытында өткөрүлүп жаткан иш чаралар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөрүлгөн онлайн  жолугушуулар боюнча маалымат берилип, соттук-укуктук реформанын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу, учурда сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтышты. Сот адилеттүүлүгү бардык жарандар үчүн жеткиликтүү экендигин белгилеп, күнөөсүздүк презумпциясы жөнүндө кеңири түшүнүк беришти. Ошондой эле сот тутумун санариптештирүү жаатындагы жаңылыктар менен бөлүштү. Учурда дээрлик бардык биринчи инстанция сотторунун залдарында аудио-видео жаздыруу системасы орнотулганы жөнүндө, өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам жаралган кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл областынын жергиликтүү соттору тарабынан убактылуу камак жайында отурган айыпталуучулардын жазык иштери видеоконференция байланышы аркылуу каралып, жыйынтыктар чыгарылып жатканы айтылды.


Ошондой эле соттун автоматташтырылган маалыматтык системасынын иши боюнча, иштерди судьяларга электрондук түрдө бөлүштүрүү, act.sot.kg сайтына соттук актылардын жайгаштырылышы тууралуу маалымат беришти. Көрүлүп жаткан аракеттер сот тутумунун ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн жүргүзүлүп жатканын судьялар белгилешти.


Мындан тышкары, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстердин сот өндүрүшүндө колдонулушу, алардын мурдагы мыйзамдардан өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары, кандай жаңы институттар иш алып барып жатканы жөнүндө жана кодекстердеги айрым мүчүлүштүктөрдү жоюу аракеттери жүрүп жатканы тууралуу кеңири маалымат берилди.


Эфирдин соңунда судьялар телекөрүүчүлөргө кайрылып, коомчулукта резонанс жараткан айрым иштерди кароодо алдын-ала тыянак чыгаруудан алыс болуп, сотторго иштерди толук, объективдүү жана ар тараптан изилдеп, тиешелүү соттук актыларды чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтышты.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                            Гульзада Аширбаева