KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарынын сотторунда жазык иштер боюнча сот отурумдарды видеоконференция байланыш аркылуу ѳткѳрүлүп жатат

28 июля 2020

Бишкек шаарынын сотторунда 2020-жылдын 7-июлунан тартып  сот отурумдар видеоконференция байланыш аркылуу ѳткѳрүлүп жатат. Мындай иш чаралар сот системасы тарабынан сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана  коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ үчүн колдонулуп жатат.


Бир нече күндүн ичинде Бишкек шаарынын соттору жазык жана жоруктар иштер боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч киргизишкен. Ал иштер боюнча 49 сот отурум ѳткѳзүлгѳн.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Кыргыз Республикасынын Сот департаментине караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап, жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн  иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында же жарандын жашаган жерине жакын арадагы сот отурумдары аудио-видеофиксация системасы менен жабдылган сот органдарында видеоконференц байланыш аркылуу айыпталуучулардан, күбѳлѳрдѳн, жабырлануучулардан  сурак алуу үчүн шарттар түзүлгѳн.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучуларды жана соттолгондорду  сот залдарына алып келүү аракетин   COVID-19 короновирус инфекциясынын жайылышына жана пневмония оорусу күчөгөндүгүнө  байланыштуу убактылуу токтоткон.