KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Коронавирустун алдын алуу үчүн Талас блустук сотунда дезинфекция жүргүзүлдү

26 июня 2020

Респиратордук вирустук илдетти (коронавирус) алдын алуу үчүн жана жайылышына бөгөт коюу максатында Талас облустук сотунун имаратынын судьялардын, аппарат кызматкерлеринин кызматтык кабинеттеринде  жана сот отурумунун залдарына Талас областынын Санитардык-эпидемиологиялык мекемеси тарабынан санитардык-эпидемиологиялык дезинфекция жүргүзүлдү.


Мындан тышкары, сот кызматкерлерин жана сот отурумунун катышуучуларынын коопсуздугун коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан жеке өздүк коргоо медициналык каражаттары (маска) жана антисептикалык каражаттары менен камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


 


    Талас облустук сотунун басма сөз катчсы


А.К. Чекеева