KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда судьялар менен жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн жана мектептеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү

19 ноября 2021

2021-жылдын 19-ноябрында Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаевдин демилгеси менен Талас облустук сотунун судьялары менен Талас райондук,шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү жана Талас шаарынын мектептеринин жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушуунун алкагында соттун төрагасы Мирлан Боромбаев жолугушуунун катышуучуларын сот тутумунда өткөрүлүп жаткан реформалары менен тааныштырып өтүп, ошону менен бирге  билимди топтоо мектептен башталгандыктан жаш өспүрүмдөрдү үйрөтүү максатында, Талас шаарынын аймагында жайгашкан 9 мектепке жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту алдын алуу үчүн жана болтурбоо максатында, ачык сабактарды окуп жана мектеп окуучуларына сотто “Ачык эшик” күндөрүн өткөрүп туруу үчүн облустук соттун судьяларын ар бир мектепке насаатчы-окутуучу катары бекитүү жөнүндө сунуштама келтирди.


Өз тарабынан жергиликтүү орто билим берүү тармагынын өкүлдөрү бул сунуштаманы колдошуп, жаш өспүрүм окуучулардын ошону менен бирге мугалимдердин дагы укуктук сабаттуулугун жана аң-сезимин жогорулатуу боюнча судьялардын иш аракеттери туура жана пайдалуу деп билдиришип,  жаш өспүрүмдөрдүн, ата-энелердин, мугалидердин укуктары жана милдеттери жөнүндө жана жашы жете элек балдарга тиешелүү орчундуу темаларга сот, укук коргоо,  башка мамлекеттик органдарынын, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусу менен биргеликте тегерек стол, телевидение аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунушташты.


Жыйынтыгында Талас шаарынын 9 мектебине Талас облустук сотунун судьялары насаатчы-окутуучу катары бекилип, ар бир мектептин жетекчилиги менен тыгыз мамиледе окуучулардын сабаттуулугун көтөрүү боюнча иш алып баруусу сүйлөшүлдү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга жолугушуунун катышуучулары кол коюшту.


Ошону менен бирге,Талас облустук сотунун төрагасы жана судьялары жергиликтүү орто билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алышып, аны жүзөгү ашыруунун жолдорун белгилешти.


Жолугушуунун соңунда Талас шаарынын билим берүү тармагынын өкүлдөрү жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту алдын алуу үчүн жана болтурбоо максатында жасап жаткан иш-чаралары үчүн Талас облустук сотунун жетекчилигине жана судьяларына ыраазычылык билдирип, келечекте мындай пайдалуу жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндө макулдашышты.


Талас облустук сотунун басма сөз кызматынын м.а. Эрбол Балыбаев