KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунда кабыл алынган кодекстерди ишке киргизүү маселеси талкууланды

01 декабря 2021

2021-жылдын 30-ноябрында Тоң райондук сотунун төрайымы Асел Сыдыгалиеванын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган Жазык Кодексинин, Жазык Процессуалдык Кодексинин жана башка мыйзамдарынын 2021-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кириши менен практикада пайда болуучу маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланды.


Иш чарага Тоң райондук сотунун судьясы Кеңешбек Казаков, Тоң районунун прокурорунун милдетин аткаруучу Чынарбек Аалиев, Тоң РИИБнин орун басары Чыңгыз Абдумусаев, Тоң РИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Эрлан Бектурганов, Тоң району боюнча пробация органынын башкы адиси Венера Мукамбетова, Тоң райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Бекболот Кызаевдер катышышты.


Жыйында жаңы кодекстерде каралган жаңылыктар, соттордун өндүрүшүндөгү иштерди кароо тартиби жана процесстик мөөнөттөрдү сактоо маселелери ортого салынды. Иш чаранын жыйынтыгында тараптар ар ай сайын мыйзамдардагы жаңыланууларды талкулоо боюнча жыйындарды өткөрүп турууну чечишти.


                                                                Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы 


                                                                                                                    Гульзада Аширбаева


Видео-блок

Евразийский конгресс по административному праву создали в Астане
Соттор электрондук билдирүү системасына өттү
Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...