Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардын бүткүл россиялык X съездине катышып, 14 өлкөдөн келген делегаттардын ичинен жалгыз гана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Куба Республикасынын Жогорку сотунун төрагаларына сөз берилди.
Иш чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн жогорку сотторунун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Ошондой эле, Замирбек Базарбеков Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин Жарлыгы менен «Россиянын Жогорку сотуна 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланып, аны Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы В.Лебедев тапшырды. Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Судьялар кеңешинин «Судьялардын Бүткүл россиялык X съезди» юбилейлик төш белгиси ыйгарылды.
Жолугушуунун соңунда Вячеслав Лебедев Замирбек Базарбековго Россия Федерациясынын Жогорку сотунун имараты, музей жана китепкананы, судьялар жыйын өткөрө турган залдарын көрсөтүп, аталган өлкөнүн Жогорку сотунун иши туурасында кеңири маалымат берди.