KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Иран Ислам республикасынын Жогорку соту кызматташтык маселелерин талкуулашты

06 декабря 2022

Россия Федерациясынын Жогорку сотунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган иш чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Иран Ислам республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Ходжат-аль-ислам сейед Ахмад Мортазави Мокаддам менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.


Замирбек Базарбеков Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгы эки тараптуу гана эмес, Бириккен Улуттар Уюму, Ислам өнүктүрүү банкы жана албетте Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында көп тараптуу негизде өнүгүп жаткандыгын билдирди.


Иран Ислам республикасынын башкы судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен эки тараптуу кызматташтыктарды бекемдөөгө кызыктар экендигин кошумчалады.


Тараптар эки өлкөнүн сот  реформасы, сот өндүрүшүш жана сотторду санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер туурасында пикир алышышты.


Аталган өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековду атайын иш сапар менен келип кетүүгө чакырып, эки тараптуу байланыштарды  жаңы деңгээлге чыгарууга бардык аракеттер көрүлөөрүнө ишеним жасады.


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...