KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот пандемияга каршы иш-чараларды күчөттү

30 июня 2021

Жогорку соттун төрайымы Нургуль  Бакированын тапшырмасы менен сот тутумунда иштеген кызматкерлердин пандемиядан сактануу иш-чаралары күчөтүлдү. Жогорку соттун борбордук аппараты, облустук, шаардык жана райондук сотторго санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо,  коомдук жайларда жана сот мекемелеринде, сот процесстери жүргөн залдарда беткап, антисептик колдонуу сыяктуу эрежелерди бекем карманууга тапшырма берилди.


Жогорку соттун аппарат башчысы Эркин Мамыров бүгүн, 30-июнда борбордук аппараттын бөлүм башчылары менен кеңешме өткөрүп, ковидден сактануу чараларына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.  Оорулуулар менен контакт болгон кызматкерлерди аралыкта иштөөгө өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле сот тутумунда иштеген кызматкерлерге ковидге каршы вакцинациядан тезирээк өтүүгө рекомендация берилди. Буга чейин да Жогорку соттун борбордук аппараты жана жергиликтүү сот мекемелеринде пандемияга байланыштуу оорунун жайылышын алдын алуу боюнча аракеттер көрүлүп келген.


Соңку иш-чаралар өлкө боюнча пандемия күч алып келе жаткандыгына байланыштуу жана сот тутумунда иштеген кызматкерлердин арасында дагы ковид менен ооругандар, туугандары ооруп контакт болгондор катталып жаткандыгына байланыштуу жасалууда.