KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ведомстволор аралык жумушчу топтордун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди

19 января 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков ведомстволор аралык жумушчу топтордун мүчөлөрүнө “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдан келип чыккан долбоорлорду иштеп чыгууга активдүү жана жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди:



  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы – Стамалиев Талантбек Асаналиевич;

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын, баштапкы медико-санитардык бөлүмүнүн башкы адиси – Сүтүева Гүласыл Буркановна;

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси – Байбекова Гульзат Райымкуловна;

  • Кыргыз Республикасынын Жоогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин м.а. – Бенгст Энвэрг;

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун юридикалык башкармалыгынын башчысынын орун басары – Акерова Айнура Чокиновна;

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси – Келдеев Медер Анарбекович.


Төрага сот тутумуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.