KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби мамлекеттик жарандык кызматтын кенже жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

15 мая 2023

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар


 


Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:


Билүүсү керек:



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарын.

  3. 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Кыргыз Республикасынын


Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө


мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


Компьютердик оргтехника менен иштөө жана керектүү программалык өндүрүмдөргө ээ болуу:



  • презентацияларды уюштуруу;

  • эсептөө менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;

  • маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер менен көрсөтүү;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу.


 


 


Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:


Билүүсү керек:



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана


муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы.



  1. 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Кыргыз Республикасынын


Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө


мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.


Компьютердик оргтехника менен иштөө жана керектүү программалык


өндүрүмдөргө ээ болуу:


— тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;


— издөө системаларын колдонуу;


— ар кандай браузерлер менен иштөө.


 


Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар (маалыматтык технологиялар жаатында):


 



  1. Кесиптик билим денгээли:



  • мааламаттык коопсуздук, электроника, радиотехника жана байланыш,


эсептөөчү техника жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жогорку билим.


 



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


         —  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.


 



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:



  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор


жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;



  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамдарын;

  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар


кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;



  • компьютердик техниканы программалык камсыздоону, операциялык


системаларды орнотуу жана жаңылоо көндүмдөрүн.


 


Билгичтиги:



  • маалыматтарды чогултуу, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;

  • аналитикалык документтерди дайындоо;

  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо


жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;



  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

  • ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

  • жаңы эмгек шарттарына көнүү;

  • сервердик операциялык системаларды жана сапаттуу программалык камсыздоо;

  • тутумдук жана тармактык программалык камсыздоону башкаруу;

  • компьютердик жана офистик жабдууларды тейлөө жана оңдоо


иштерин жүргүзүү;



  • маалыматтык порталды тейлөө, актуалдуу маалыматты өз убагында


даярдоо, жайгаштыруу жана жаңыртуу, техникалык коштоо.


 


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада


колдонуу;



  • телекоммуникациялык жабдуулар менен иштөө;

  • ишти пландоо жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

  • мамлекеттик жана расмий тилдерде долбоордук документтерди


даярдоо;



  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу.


 


Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар (экономика жана башкаруу жаатындагы багыт боюнча -экономика):


 



  1. Кесиптик билим денгээли:



  • Экономика жана башкаруу багытында жогорку билим-экономика.



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


         —   иш стажына талап коюлбайт.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:



  • «Кыргыз  Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», конституциялык Мыйзамын;

  • «Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө»,   Кыргыз


Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдарын;



  • 2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар


кеңешинин чечими менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жөнүндө” Жобосун;


 


 Билгичтиги:



  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

  • 1С электрондук системасында финансылык документтерди жүргүзүү;

  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

  • тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо


жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;



  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

  • мамлекеттик жана / же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

  • командада иштөө.


 


Көндүмдөрү:



  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада


колдонуу.


 


Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден төмөнкү документтер талап кылынат:



  • жеке арыз;

  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча сүрөт менен (4х6);

  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

  • резюме сүрөтү менен (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн


негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);



  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

  • окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

  • соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2023-жылдын 15-майынан тартып 25-майына чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалыматтар үчүн телефон: (0312) 45-47-43.


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.