KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилетигинин жогорку мектеби окутуучу курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак өткөрүлөрүн жарыялайт

10 июня 2021

Кызматтын аталышы: окутуучу


Бош кызмат орундардын саны — 2 штаттык бирдик


Жалпы квалификациялык талаптар:



  1. Кесиптик билимдин деңгээли:


— жогорку юридикалык билими.



  1. Эмгек стажы жана тажрыйбасы:


—   үч жылдан кем эмес окутуучулук иш тажрыйбасы;


— окутуу модулдарын, окуу куралдарын жана методикалык материалдарды жазуу тажрыйбасы;


— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;


— судьялык иш стажынын болушу артыкчылыгы болуп саналат.



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:


— жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;


— сот тутумун терең билүү;


— менеджменттин негизин;


— адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;


— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;


— чет тилдерди (артыкчылыгы болуп саналат).


Билгичтиги:


— билим берүү программалары жаатында стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо;


— судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча ыкмаларды интеграциялоо, анализдөө, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жана контроль жүргүзүү;


— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;


— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;


— окутуу программаларын ишке ашыруу боюнча  новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;


— тартылган окутуучулар/адистер жана түзүмдүк бөлүмдөр менен иштерди натыйжалуу пландоо;


— окуу пландарын жана программаларын түзүү;


— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү;


— судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу стратегиясынын долбоорлорун (кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү) иштеп чыгуу;


— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.


  Көндүмдөрү:


— лекторлор курамы/тартылган адистер менен өз ара аракеттенүү/башкаруу;


— сот практикасын системалаштыруу жана анализдөө, ошондой эле соттордун жана сот тутумунун кызматкерлиринин квалификациясын жогорулатууда актуалдуу маселелер боюнча муктаждыктарын аныктоо;


— чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу;


— өз ара натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларына ээ болуу, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;


— квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен,  жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү  сот органдары менен кат алышуу;


— окутуу программаларын өркүндөтүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында чет өлкөдөгү сот органдарынын практикалык иш тажрыйбаларын изилдөө;


—  эл аралык конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүү ж.б.


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:



  • жеке арыз;

  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска документтерди тапшыруу жана аңгемелешүү учурунда көрсөтүлөт);

  • өмүр баяны;

  • резюмеси;

  • нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү;

  • квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин,  мамлекеттик жана башка сыйлыктарынын күбөлүгүнүн жана башка документтеринин көчүрмөсү;

  • соттуулугу жоктугу жөнүндө справка (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2021-жылдын 9-июнунан тартып 28-июнуна чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00 чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалымат үчүн байланыш тел.: (0312) 45-47-36.


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.