KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

З.Базарбеков: “Сот адилеттигине жетүү маселеси көп жылдардан бери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук сотторунун деңгээлинде да, эл аралык соттордун деңгээлинде да өз маанисин жогото элек”

17 ноября 2022

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбекова ЕАЭБде сот адилеттигине жетүүнүн натыйжалуулугун камсыздоо маселелерин талкуулаган V Эл аралык конференцияда видеокайрылуу жасады. Иш чара Евразия экономикалык биримдигинин соту тарабынан уюштурулуп, онлайн режиминде өтөт.


«ЕАЭБ Соту иштеп жаткан жылдары өзүн маанилүү органдардын бири катары көрсөтүп, анын чечимдери жана ишмердүүлүгү соода, инвестиция жана эмгек агымына олуттуу таасир этет.


Ошол эле учурда дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Соттун иши дагы анын компетенциясын андан ары өркүндөтүүнү жана кеңейтүүнү талап кылат.


Ушуга байланыштуу бул конференциянын маанилүүлүгүн белгилегим келет, анткени ал Соттун ишмердүүлүгүнө тиешелүү практикалык жана көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болуп саналат.


Конференция ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүнүн гана эмес, ошондой эле бийлик органдарынын, эл аралык сот органдарынын өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын жана практик юристтердин ортосунда пикир жана билим алмашууга, ошондой эле  көйгөйлөрдү ар кандай көз караштан карап, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табууга көмөктөшөт деп ишеним менен айтууга болот», — деди Замирбек Базарбеков.


Мындан тышкары төрага конференциянын темасынын актуалдуулугун белгиледи, анткени сот адилеттигине жетүү маселеси көп жылдардан бери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук сотторунун деңгээлинде да, эл аралык соттордун деңгээлинде да өз маанисин жогото элек.


Конференция эки күн бою Биримдиктеги укуктук маселелерге, ЕАЭБ сотунун жана мүчө мамлекеттердин сотторунун ишмердүүлүгүнө, эл аралык сот адилеттигинин тенденцияларына жана эл аралык соттордун чечимдерин аткаруу маселелерине байланышкан бир нече сессияларда өтөт.