KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Европа жана Евразиядагы сот адилеттигинин шайлоо тармагынын үчүнчү жыйынына катышууда

16 мая 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 16-майында, Европа жана Евразиядагы сот адилеттигинин шайлоо тармагынын үчүнчү жыйыны ишин баштады. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова катышууда.


COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эки жылдык тыныгуудан кийин Шайлоо системалары боюнча Эл аралык Фонддун (IFES) Европалык Регионалдык программасы Түндүк Македониянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясы жана Административдик соту менен биргеликте Европа жана Евразиядагы сот адилеттигинин шайлоо тармагынын үчүнчү жыйынын кайрадан уюштуруп жатат.


Иш чара аймактык шайлоо адилеттиги жана мыкты тажрыйбалар боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле жалпы көйгөйлөрдү аныктоо жана аймактык кызматташтык демилгелерин колдоону камсыздай турган туруктуу бирдей тармактарды түзүү максатында уюштурулган.


Шайлоо талаш-тартыштарын чечүүдөгү процессуалдык адилеттүүлүк маселеси боюнча сессияда сөз сүйлөгөн Нургуль Бакиров Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын соттук коргоо акыркы 30 жылдагы байкоолордун жана талдоолордун жыйынтыгы боюнча укуктун бардык тармактарынын арасында тез өнүгүп жаткандыгын белгиледи.


«Ар бир жолу Кыргыз Республикасынын сот тутумуна жаңы укуктук жөнгө салууну эске алуу менен жарандардын бузулган шайлоо укуктарын сапаттуу жана өз убагында коргоону камсыз кылуу боюнча жооптуу тапшырмалар коюлууда», — дейт Нургуль Бакирова.


Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдери же аракеттери жоопкер турган жер боюнча биринчи инстанциядагы сотко даттанылышы керектиги белгиленген. Ошол эле учурда шайлоо комиссиясынын чечимдери же аракеттери сотко тиешелүү даттануулар жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан каралгандан кийин гана даттанылышы мүмкүн.