KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Белоруссиянын Жогорку сотунун 100 жылдык иш чарасына катышууда

14 апреля 2023

Бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын соттор кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев Жогорку соттун аппарат кызматкери Изати Шугуралиева Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун 100 жылдыгына арналган иш чарасына катышып жатышат.


Иш чарага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн Жогорку сотторунун төрагалары чакырылган.

Иш чаранын алкагында Белоруссия Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Жогорку соттордун төрагаларын кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку сот органдарынын өз ара кызматташтыгы, байланыштарды кеңейтүү жана мамилелерди бекемдөө маселелери каралды.


Мындан тышкары, Замирбек Базарбеков Белоруссиянын Жогорку сотунун төрагасы Валентин Сукало менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктарды кеңейтүү жолдорун талкуулашты.


Валентин Сукало кесиптеши Замирбек Базарбековго Белоруссиянын Жогорку сотунун имараты, тарыхы, сот залдарын тааныштырып чыкты. Бир кылымга тете жолду баскан Белоруссиянын Жогорку соту бүгүнкү күндө улуттук сот системасын өркүндөтүү жолунда баратканы айтылды.


Ал эми 100 жылдык мааракеге арналган салтанаттуу жыйында Белоруссиянын Жогорку сотунун бүгүнкү ийгиликтери, келечекке болгон кадамдары айтылып, өз ишинде айырмаланган бир катар судьяларга сыйлыктар тапшырылды.