KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: "Адам сатуу боюнча глобалдык олуттуу көйгөйдү чечүү үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин сотторунун биргелешкен аракети зарыл"

23 мая 2024

Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында бүгүн,  2024-жылдын 23-майында  Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын  XIX отуруму өз ишин баштап, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жетектеген делегация катышууда.


Делегациянын курамында Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, ошондой эле Жогорку соттун Аппаратынын коомчулук, ЖМК жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айгерим Шамурзаева бар.


Кыргызстандын жогорку сот органынын башчысы аталган уюмга  мүчө-мамлекеттердеги кесиптештер, байкоочулар, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын жана ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн өкүлдөрү менен биргелешкен жыйында сөз сүйлөдү.


Бүгүн биз жарандык, административдик сот өндүрүшү жаатында тажрыйба менен алмашып,  адамдарды трансулуттук сатуу боюнча кылмыш иштерин кароо практикасын карап чыгабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой, адам сатуу олуттуу глобалдык көйгөй болуп саналат, анткени ал дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө жана аймактарына таасир этет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биргелешкен аракеттер, анын ичинде укуктук маалымат алмашуу жана өз ара жардам көрсөтүү формаларында эл аралык кызматташтык зарыл. Мындай иштерди кароодо жазык сот адилеттиги системалары туш болгон далилдер базасына байланыштуу маселелерди чечүү өзгөчө кыйын. Ошондуктан, урматтуу кесиптештердин кылмыштардын бул категориясын карап чыгуу тажрыйбасы тууралуу баяндамаларын угуу кызыктуу болот.


Бүгүнкү күндө санариптик технологияны колдонбостон заманбап адамдын жашоосун элестетүү мүмкүн эмес. Санариптештирүү жашоонун бардык тармактарын камтыды. Маалымат системалары заманбап сот системасында да маанилүү ролду ойнойт. Бул сот тутумунун натыйжалуулугун, ачык-айкындыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кылат, ошондой эле коррупция тобокелдигин төмөндөтөт. Менин кесиптештеримдин сот инфраструктурасында заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана жайылтуу жаатындагы жетишкендиктерин эске алып, бул тема боюнча чыгып сүйлөөлөрдү кызыгуу менен күтөм”, — деп белгиледи Замирбек Базарбеков.


Мындан тышкары аталган кеңешменин жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков жарандык сот өндүрүшүндө медиация институтун пайдалануу темасы менен доклад жасаса, төраганын орун басары Нургуль Бакирова «Административдик сот адилеттигинин калыптанышы жана өнүгүү келечеги» деген темада доклад жасады.


Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңешменин ишине ошондой эле Индия Республикасынын Жогорку сотунун башкы судьясы Дхананджая Йешвант Чандрачуд, Иран Ислам Республикасынын сот бийлигинин башчысынын эл аралык мамилелер боюнча орун басары Козим Гарибободий, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик сотунун төрагасы башкы судья Чжан Цзюнь, Пакистан Ислам Республикасынын башкы судьясы Кази Фаез Иса, Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрайымы Ирина Подносова, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен жана Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламов.


Кеңешменин ишине ошондой эле ШКУнун башкы катчысынын орун басары Нуран Ниязалиев жана ШКУ регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев катышты.


Ошондой эле кеңешмеге байкоочу мамлекеттерден Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Валентин Сукало катышты.


Достук жана конструктивдүү жагдайда өткөн кеңешменин жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган сот адилеттигинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сот органдарынын мындан аркы кызматташуусунун келечегин талкуулашты.