Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Азербайжан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – Азербайжан Республикасынын Жогорку Сотунун 100 жылдыгы медалы тапшырылды.
Медалды Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Рамиз Рзаев тапшырды.
Рамиз Рзаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго медалды ыйгарып жатып, эки өлкөнүн сот системасынын байланыштарын бекемдөөгө кошуп жаткан салымын белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга кызыктар экендигин айтты.
Белгилей кетүүчү жагдай Замирбек Базарбековго жогоруда аталган медаль Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун 100 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференциянын алкагында берилген.