KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Астанада өтүп жаткан эл аралык тегерек столдун катышуучуларына видео кайрылуу жолдоду

22 июня 2023

Бүгүн,  2023-жылдын 22-июнунда, Казакстан Республикасынын Астана шаарында  «Көз карандысыз сот адилеттиги үчүн соттук башкаруу: дүйнөлүк стандарттар жана алдыңкы тажрыйбалар» эл аралык тегерек стол  болуп жатат.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары  Шералы Камчыбеков, Жогорку соттун судьясы Айбек  Молдакунов, Ош облустук сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү Айнура Султаналиева, Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) Кыргыз Республикасындагы өлкө боюнча консультанты Дилбар Максимбекова катышууда.


Тегерек столдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков видео кайрылуу жолдоду.


Анда төрага сот бийлиги үчүн сот башкаруу органынын маанилүү ролун белгилеп, анын алдында жоопкерчиликтүү жана олуттуу милдет тургандыгын, тактап айтканда, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүү, ошондой эле сот адилеттигин укуктук, маалыматтык, уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыздоо керек экендигин айтты.


Албетте, сот системасын санариптештирүү узак жана түйшүктүү процесс, ал дайыма өркүндөтүүнү талап кылат.


Бирок, биз көрүп тургандай, Казакстан санариптештирүү боюнча жогорку натыйжаларга жетишти, муну кыргыз делегациясы өткөн жылдын июнь айында Астана шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө, ошондой эле ШКУнун аянтчасында Казакстан  сот өндүрүшүндө жасалма интеллект жана роботташтыруу элементтерин колдонуу, сотко кайрылуу үчүн мобилдик тиркемени түзүү, өлкөнүн сотторунун ортосунда иштерди электрондук бөлүштүрүү жана онлайн процесстер аркылуу сот системасын санариптик трансформациялоо жаатында өзүнүн иштеп чыгуулары менен тааныштырган. Мунун баары жол-жоболорду тездетүүгө, сот адилеттигин ишке ашыруунун максималдуу жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылууга жана анын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Тактап айтканда, Казакстан Республикасынын сот тутумун санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери таң калтырып,  суктанууну гана  жаратпастан, ошондой эле Казакстан Республикасынын Соттук администрациясынын сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн гана шарттарды камсыз кылбастан, багытын жана умтулуусун тастыктайт”, — деп белгиледи Замирбек Базарбеков.


Тегерек столдун жүрүшүндө соттук башкаруунун  мамлекеттик бийлик органдарынын  түзүлүшүндөгү жана өзгөчө анын укуктук жактан жөнгө салынышындагы орду, сот башкаруу органдарынын милдеттери, функциялары жана ийгиликтерин талкуулашат.


Видео-блок

Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...
Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды
УТРК Жалал-Абад: Соттор үчүн окутуулар улантылууда
Кызматынан алуу, катуу сөгүш, сөгүш. Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн...
УТРК ЧҮЙ: СОТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ ҮЧҮН ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...