KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков сот системасынын кызматкерлерин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

30 августа 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 30-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков майрамдык жыйын өткөрүп, сот системасынын кызматкерлерин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.


Төрага Замирбек Базарбековдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо сөзүн сунуштайбыз.


Урматтуу кесиптештер жана аппарат кызматкерлери!


Сиздерди келе жаткан  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен чын дилимден куттуктайм!


Кыргыз эли кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, уюткулуу улут катары калыптанып, даӊктуу тарыхый узун жолду басып өттү. Андыктан, бабалардын баскан изин унутпай, алар баштап кеткен жолун мурастап калуу баарыбыздын милдетибиз. Айрыкча, мындан отуз үч жыл мурун, дал ушул күнү кайра калыбына келген эркиндигибиз — биздин башкы байлыгыбыз.


Дүйнөдө тарыхый таржымалы биздикинен да кыйла узак элдер бар, бирок 30 кылымдан ашуун “кыргыз” сындуу өзүнүн көөнө атын сактап келген калк чанда, жокко эсе десек да болот.


Кыргыз эли биримдиги, ынтымагы менен  өз мамлекеттүүлүгүн сактап кала алды.


Азыркы милдетибиз — мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо болуп саналат. Улуттук көрөңгөнү, намысты, абийирди, калыстыкты, адилеттүүлүктү, кадырды бийик туталы.


Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары!


Белгилүү болгондой быйыл Кыргыз Республикасынын сот тутуму 100 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргыз сот тутумунун тарыхы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү жана калыптануусу менен тагдырлаш.


Андыктан, Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, адилеттүү, мыйзамдуу жана негиздүү чечимиңдер аркылуу биздин өлкөдө мыйзам үстөмдүгү камсыздалып, ар бир жарандын укугу корголот.


Асманыбыз бүркөлбөй, түндүгүбүздөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин!


Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, кыргыз эли кырсыктардан алыс болсун!


Дагы бир жолу кирип келе жаткан Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен куттуктайм!