KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков сот тутумунун кызматкерлерин Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

22 февраля 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун, анын ичинде Жогорку соттун судьяларын жана аппарат кызматкерлерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.


Араңыздарда  аскерде кызмат өтөп, Мекенди коргогон эр азаматтар отурушат. Убагында мен дагы Советтик Армияда кызмат өтөгөм. Мен  эч качан аскерде кызмат өтөгөнүмө өкүнбөйм. Тескерисинче, Ата Мекенге болгон сүйүү, Мекенди коргоо мына ошол аскерден башталат. Жаштар Ата-Мекен, атуулдук милдет жана патриоттуулук деген ыйык түшүнүктөрдү дайым жүрөктөрүндө сактап жүрүшү керек деп ойлойм.


Биз ушул майрамды белгилеп, мекен үчүн жанын берген аталарыбызды эскерип чоңойдук. Доор алмашканына карабай, 23-февраль ондогон жылдар мурдагыдай эле эрктүүлүктү, туруктуулукту жана Мекен үчүн берилгендикти даңазалап келет.


Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жан дили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”, — деп айтты Замирбек Базарбеков.


Жогорку соттун жалпы жамаатына убагында аскерде кызмат өтөшкөн судьялар жана аппарат кызматкерлери туурасында видеоролик көрсөтүлдү.


Белгилей кетүүчү жагдай, 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Бул алгачкы жеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган.


1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль — Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.


Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.